Кыргызстанда Silk Way ири индустриалдык паркынын курулуш иштери башталды.
Соода комплексинде биринчи этапта тигүү фабрикалары салынат.70 гектар аянтты ээлеген
соода-өнөр жай жана текстиль комплексинин аймагында соода экспозициялык павильон,
кампалар, тигүү фабрикалары, бажы-логистикалык терминал жайгашат. Анда инвесторлорго
ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Объекти «Манас» аэропортунан 30 чакырым алыстыкта орун алат.
Долбоорду кыргыз ишкерлери каржылайт. Парктын аймагында сегиз корпус жайгашып,
тамактануучу жайлар, социалдык-административдик мекеме,
үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, бала бакча, унаа токтотуучу жайлар иштейт.