Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү бүгүн аяктайт

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү бүгүн аяктайт.

Мамлекеттик салык кызматынан белгилешкендей, кызматкерлер декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Эске салсак, декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,  жеке ишкерлер, патенттик негизде

салык төлөгөндөр,  менчигине салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн, жер тилкесинин ээлери,

юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органынан, ошондой эле 116 номеринен, sti.gov.kg сайтынан алса болот