Бишкекте бүгүнтөн тартып көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатылган түйүн ачылды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей,
Мурманская 1Б/1 дарегинде арзандатылган «Кара Кече» кара отунун алса болот.
Бирок андан бир үй-бүлөгө 2 тоннадан ашык көмүр сатылбайт. Бул барына тегиз кароо
максатында кабыл алынган чара. Мындай чектөө 1-декабрдан тартып алынат.