Салык төлөбөгөн 500дөн ашык адамга Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды

Салык төлөбөгөн 500дөн ашык адамга Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды.

Мамлекеттик салык кызматынан такташкандай, мындан тышкары 1 миң 130дай салык төлөөчүнү чет өлкөгө чыгарбоо боюнча сотко материалдар жөнөтүлдү.

Белгилеп кетсек, жаңы Салык кодексине ылайык, Салык кызматы карызы 100 миң сомдон ашкандар акчаны 15 күндүн ичинде төлөбөсө, өлкөдөн чыгарбоо өтүнүчү менен сотко кайрыла алат.