Кыргызстанда бүгүн окуучулардын басымдуусу онлайн форматта окуп жатат

Кыргызстанда бүгүн окуучулардын басымдуусу онлайн форматта окуп жатат.

Шайлоо тилкелери жайгашкан билим берүү мекемелери, бала бакчалар жана

жогорку окуу жайлар санитардык тазалоо иштерине байланыштуу бир күнгө

жабылды. Андан улам, бүгүн сабактар аралыктан уюштурулууда. Парламенттик

шайлоо өткөн мектептер эртең ачылып, сабактар кадимки тартипте өткөрүлө баштайт.