Быйыл республика боюнча дыйкан-фермерлерге 6 миллиард сомго насыя берилди

Быйыл республика боюнча дыйкан-фермерлерге 6 миллиард сомго насыя берилди. Бул тууралуу Айыл-чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов билдирди. Маалыматка ылайык, каражат 3 багыт боюнча берилди: өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана кайра иштетүү тармагы.

 

Анын ичинен өсүмдүк өстүргөн   2 миң 638 дыйкан, мал чарбачылык менен алектенген 7 миң 435 адам жана айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен 309 жаран насыя алды, — деди Шерипов.