Кыргызстанда билим берүүнүн жаңы программасы иштелип чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2023-жылдар аралыгында жогорку окуу жайлардагы билим берүүнүн

«Университет 4.0» аттуу программасын иштеп чыкты.

Программанын максаты – түрдүү изилдөөлөр жана чыгармачыл долбоорлор менен экосистеманы түзүү. Ошондой эле мезгил талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү башкаруунун рационалдуу системасын иштеп чыгуу максаты коюлган.

Жаңы формат профессордук-окутуучулар курамы жана окумуштуулар үчүн таланттарды тандап алуунун, өнүктүрүүнүн жана шыктандыруунун эффективдүү системасын камтыйт.

«Программа таланттуу жаштарды, анын ичинде чет өлкөлүк абитуриенттерди тартууга жана илимий кызматкерлердин жөндөмүн арттырууга багытталган», — деди билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.

Кыргызстанда 50 жогорку окуу жайы бар. Алардын 31и мамлекеттик, 19у жеке менчик.