Бүгүн Бишкектин көчөлөрүдө муз тоңот

Бүгүн Бишкектин көчөлөрүдө муз тоңот. Тайгак трассаларда кырсыктарды алдын алуу максатында жол инспекторлору айдоочуларга коопсуздук чараларын эскертет. Биринчиден, ылдамдыкты жогорулатпай, акырын жүрүү керек. Экинчиден, дөңгөлөктөр сөзсүз түрдө кышкыга алмаштырылган болушу кажет.   Ал эми кайрылыштарда кооптуу аракеттерди жасабай, жол эрежелерин сактоо сунушталат.

Баткен облусунда чек ара күчөтүлгөн режимде кайтарылууда

Баткен облусунда чек ара күчөтүлгөн режимде кайтарылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, аймакта абал туруктуу. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында такталбаган аймакта Тажикстандын жарандары орноткон тосмо дубалдар алынууда.   18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан 6 адам жабыркады.  Анын… Кененирээк…

Унаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбаган айдоочулар жазаланышы мүмкүн

Унаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбаган айдоочулар жазаланышы мүмкүн. Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап жатат. Аталаган башкармалыктан билдиришкендей, долбоорго жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбаган айдоочулар үчүн жаза киргизилет. Мисалы, ноябрдан мартка чейин унааларда кышкы дөңгөлөктөр болбосо, биринчи категориядагы айып миң сом… Кененирээк…

Кайгуул милиция кызматы түзүлгөндөн тарта 62 кылмыш жана 193 жоруктун бетин ачты

Кайгуул милиция кызматы түзүлгөндөн тарта 62 кылмыш жана 193 жоруктун бетин ачты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Канат Жумагазиев билдирет. Анын айтымында, 2 миң жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинде мыйзамсыз унаалардын терезелерин караңгылату, жасалма номурларды пайдалануу… Кененирээк…

Унааларга жасалма номер тагып жүргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт

Унааларга жасалма номер тагып жүргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда жасалма, өзүнө таандык эмес номерди тагып жүргөндөргө 10 миң сом айып тагылат. Учурда, ал жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеште үчүнчү окуудан өттү. Ага президент… Кененирээк…

Коюу тумандан улам “Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кармалып жатат

Коюу тумандан улам “Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кармалып жатат. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, учурда 50 метр аралык гана көрүнүүдө.   Андан улам, Стамбул, Нурсултан Ош шаарларына каттамдар аткарылбай калды. Аэропорт жетекчилиги келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт. Каттамдар тууралуу… Кененирээк…

Жүк ташуучу унаалар чынжырчалары жок жүрбөшү керек

Жүк ташуучу унаалар чынжырчалары жок жүрбөшү керек. Бул тууралуу  Унаа жана жолдор министрлиги эскертет. Белгилеп кетсек, кар жааган учурда чиркегичи бар жүк ташуучу унааларга дөңгөлөктөрүндө чынжыры жок жүрүүгө тыюу салынат.   Талаптын аткарылышына көзөмөл өзгөчө Ош-Сарыташ-Иркештам, Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт трассаларында жүргүзүлөт. Кошумчаласак, республиканын басымдуу аймагында жакынкы… Кененирээк…

Эртең Бишкекте коомдук коопсуздукту 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт

Эртең Бишкекте коомдук коопсуздукту 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу novosti.kgге ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Андан белгилешкендей, башкы балатыны жандыруу маалында ошондой эле борбордук көчөлөргө чектөөлөр киргизилет.   Алсак, Чүй проспектисинин Эркиндик-Панфилов бөлүгү, Орозбеков, Раззаков көчөлөрү жабылат. Эске салсак, Ала-Тоо аянтында балатынын… Кененирээк…

“Коопсуз шаар» системасында издөө салынган 7 миң жасалма номер бар

“Коопсуз шаар» системасында издөө салынган 7 миң жасалма номер бар. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти. Маалыматка караганда, жасалма номерди тартип коргоо органдарынын ыкчам кызматтары эле эмес, жөнөкөй жарандар да колдонот. Ал эми тартип сакчыларынын андай номерлери атайын базада сакталат. Эгерде… Кененирээк…

Жаңы жылдын алдында мектеп жана бала бакчаларда өрт коопсуздугунун эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Жаңы жылдын алдында мектеп жана бала бакчаларда өрт коопсуздугунун эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, адистер балатыны туура орнотуу, пиротехнкалык заттарды колдонуу тууралуу айтып беришет.   Бегилеп кетсек, адатта, 20-декардан кийин мектеп жана бала бакчаларда жаңы жылдык майрамдар өткөрүлө баштайт. Бул күндөрү… Кененирээк…