Унаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбаган айдоочулар жазаланышы мүмкүн

Унаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбаган

айдоочулар жазаланышы мүмкүн. Учурда Жол кыймылынын

коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тиешелүү мыйзам

долбоорун даярдап жатат. Аталаган башкармалыктан билдиришкендей,

долбоорго жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбаган айдоочулар

үчүн жаза киргизилет. Мисалы, ноябрдан мартка чейин унааларда кышкы

дөңгөлөктөр болбосо, биринчи категориядагы айып миң сом  өлчөмүндө тагылат, — дешти башкармалыктан.