Жүк ташуучу унаалар чынжырчалары жок жүрбөшү керек

Жүк ташуучу унаалар чынжырчалары жок жүрбөшү керек. Бул тууралуу  Унаа жана жолдор министрлиги эскертет. Белгилеп кетсек, кар жааган учурда чиркегичи бар жүк ташуучу унааларга дөңгөлөктөрүндө чынжыры жок жүрүүгө тыюу салынат.   Талаптын аткарылышына көзөмөл өзгөчө Ош-Сарыташ-Иркештам, Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт трассаларында жүргүзүлөт. Кошумчаласак, республиканын басымдуу аймагында жакынкы… Кененирээк…

Эртең Бишкекте коомдук коопсуздукту 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт

Эртең Бишкекте коомдук коопсуздукту 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу novosti.kgге ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Андан белгилешкендей, башкы балатыны жандыруу маалында ошондой эле борбордук көчөлөргө чектөөлөр киргизилет.   Алсак, Чүй проспектисинин Эркиндик-Панфилов бөлүгү, Орозбеков, Раззаков көчөлөрү жабылат. Эске салсак, Ала-Тоо аянтында балатынын… Кененирээк…

“Коопсуз шаар» системасында издөө салынган 7 миң жасалма номер бар

“Коопсуз шаар» системасында издөө салынган 7 миң жасалма номер бар. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти. Маалыматка караганда, жасалма номерди тартип коргоо органдарынын ыкчам кызматтары эле эмес, жөнөкөй жарандар да колдонот. Ал эми тартип сакчыларынын андай номерлери атайын базада сакталат. Эгерде… Кененирээк…

Жаңы жылдын алдында мектеп жана бала бакчаларда өрт коопсуздугунун эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Жаңы жылдын алдында мектеп жана бала бакчаларда өрт коопсуздугунун эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, адистер балатыны туура орнотуу, пиротехнкалык заттарды колдонуу тууралуу айтып беришет.   Бегилеп кетсек, адатта, 20-декардан кийин мектеп жана бала бакчаларда жаңы жылдык майрамдар өткөрүлө баштайт. Бул күндөрү… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында рейд жүрдү

Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында рейд жүрдү. 2-декабрдан 10-декабрга чейин өткөрүлгөн иш-чарада жалпы 1 миң 500 айдоочуга протокол түзүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, 25 айдоочу мас абалда унаа башкарып бара жатканда кармалды. Андан тышкары 12 айдоочу унааларын техникалык кароодон өткөргөн эмес. Ал эми 29 айдоочунун… Кененирээк…

15-декабрдан тартып фейерверк сатуучу түйүндөр текшерилет

15-декабрдан тартып фейерверк сатуучу түйүндөр текшерилет. Бул тууралуу мамлекеттик өрткө каршы агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, пиротехникалык заттарды сатуучу дүкөндөрдүн сактоочу жайлары мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери менен бирге текшерилет.   Эгер бузуулар катталса, товар тартылып алынат, ал эми сатуучулар административдик жазага тартылат.

Бишкектеги Жумушчулар шаарчасында болгон жаңжалга тийиштүү 2 шектүү жаран кармалды

Бишкектеги Жумушчулар шаарчасында болгон жаңжалга тийиштүү 2 шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев  билдирди. Маалыматка ылайык, кечээги ок атышуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда чыккан жаңжал экени белгилүү болду. Учурда жабыркаган бир адамдын абалы оор. Ал Травматология улуттук борборунда дарыланууда

Бишкектеги Жумушчулар шаарчасы районунда ок атылды

Бишкектеги Жумушчулар шаарчасы районунда ок атылды. Травматология жана илим-изилдөө борборуна ок тийген үч киши кайрылды. Бул тууралуу нөөмөттөгү дарыгер билдирди. Белгилеп кетсек, кечээ кечинде Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде ок атылып, төрт унаа жабыркады. Ошондой эле атышуу болгон жерден гильзалар табылды. Аталган факты кылмыштар жана… Кененирээк…

Бишкектеги Кайгуул милициянын кызматкерлери эми жаңы планшеттер менен иштеп башташты

Бишкектеги Кайгуул милициянын кызматкерлери эми жаңы планшеттер менен иштеп башташты. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ага ылайык, анда  издөөдөгү жарандар жана бузуулар тууралуу маалыматтардын базасы бар. Бул максатта жалпысынан 40 даана электрондук планшет таратылды. Милиционерлер бул жабдуунун жардамында издөөдөгү жаранды бат аныктап, зарыл… Кененирээк…

Россияда жол кырсыгынан жабыркагандар бүгүн реанимациядан стационарга которулат

Россияда жол кырсыгынан жабыркагандар бүгүн реанимациядан стационарга которулат. Маалыматты Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен тастыкташты. Ага ылайык, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көнүл айтып жана төрт кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүнү жана жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды. Ошондой эле ал Тышкы иштер министрлигине, Саламаттык… Кененирээк…