Россияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, 2 киши каза тапты

Россияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, 2 киши каза тапты. Кыргызстандын Новосибирсктеги башкы консулдугунан кабарлашкандай, кыргызстандык жарандар Новосибирск шаарынан келе жатып кырсыкташкан. Кесепетинен 50 жана 31 жаштагы 2 адам каза болуп, 28 жаштагы жаран башынан жаракат алган. Ал учурда жалпы палатага которулду. Каза болгон 2 жаран Ош облусунун тургундары, — деп айтылат маалыматта.

Кочкор-Атада “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирди

Кочкор-Атада “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирди. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Аталган калаада кыймыл эң көп болгон 16 кесилишке       106 камера коюлду. Электр жарыгы жок эле 6 саатка чейин иштеген камералар үч режимде иштейт: күндүзгү жана түнкү съемка, унаалардын мамлекеттик номурларын каттоо.    Кочкор-Ата мэриясы… Кененирээк…

Таласта “Рулдагы айдоочу” жана “Тонировка” рейди башталды

Таласта “Рулдагы айдоочу” жана “Тонировка” рейди башталды. Бул тууралуу Аталган облустун жол кыймылын камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, рейд жүргүзүү иштери 22-декабрга чейин уланат. Андан кийин жаңы жыл майрамына карата, мас абалдагы айдоочуларды көзөмөлдөөгө күчөтүлгөн режимде иштер башталат. Учурда айдоочуларга унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу боюнча… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин көчөлөрүдө муз тоңот

Бүгүн Бишкектин көчөлөрүдө муз тоңот. Тайгак трассаларда кырсыктарды алдын алуу максатында жол инспекторлору айдоочуларга коопсуздук чараларын эскертет. Биринчиден, ылдамдыкты жогорулатпай, акырын жүрүү керек. Экинчиден, дөңгөлөктөр сөзсүз түрдө кышкыга алмаштырылган болушу кажет.   Ал эми кайрылыштарда кооптуу аракеттерди жасабай, жол эрежелерин сактоо сунушталат.

Баткен облусунда чек ара күчөтүлгөн режимде кайтарылууда

Баткен облусунда чек ара күчөтүлгөн режимде кайтарылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, аймакта абал туруктуу. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында такталбаган аймакта Тажикстандын жарандары орноткон тосмо дубалдар алынууда.   18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан 6 адам жабыркады.  Анын… Кененирээк…

Унаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбаган айдоочулар жазаланышы мүмкүн

Унаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбаган айдоочулар жазаланышы мүмкүн. Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап жатат. Аталаган башкармалыктан билдиришкендей, долбоорго жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбаган айдоочулар үчүн жаза киргизилет. Мисалы, ноябрдан мартка чейин унааларда кышкы дөңгөлөктөр болбосо, биринчи категориядагы айып миң сом… Кененирээк…

Кайгуул милиция кызматы түзүлгөндөн тарта 62 кылмыш жана 193 жоруктун бетин ачты

Кайгуул милиция кызматы түзүлгөндөн тарта 62 кылмыш жана 193 жоруктун бетин ачты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Канат Жумагазиев билдирет. Анын айтымында, 2 миң жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинде мыйзамсыз унаалардын терезелерин караңгылату, жасалма номурларды пайдалануу… Кененирээк…

Унааларга жасалма номер тагып жүргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт

Унааларга жасалма номер тагып жүргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда жасалма, өзүнө таандык эмес номерди тагып жүргөндөргө 10 миң сом айып тагылат. Учурда, ал жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеште үчүнчү окуудан өттү. Ага президент… Кененирээк…

Коюу тумандан улам “Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кармалып жатат

Коюу тумандан улам “Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кармалып жатат. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, учурда 50 метр аралык гана көрүнүүдө.   Андан улам, Стамбул, Нурсултан Ош шаарларына каттамдар аткарылбай калды. Аэропорт жетекчилиги келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт. Каттамдар тууралуу… Кененирээк…

Жүк ташуучу унаалар чынжырчалары жок жүрбөшү керек

Жүк ташуучу унаалар чынжырчалары жок жүрбөшү керек. Бул тууралуу  Унаа жана жолдор министрлиги эскертет. Белгилеп кетсек, кар жааган учурда чиркегичи бар жүк ташуучу унааларга дөңгөлөктөрүндө чынжыры жок жүрүүгө тыюу салынат.   Талаптын аткарылышына көзөмөл өзгөчө Ош-Сарыташ-Иркештам, Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт трассаларында жүргүзүлөт. Кошумчаласак, республиканын басымдуу аймагында жакынкы… Кененирээк…