Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Масловага Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды

Спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Масловага Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Аларды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырды.   Тыныбекова 2019-жылы күрөш боюнча Дүйнө чемпиону аталып, Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо уткан. Ошондой эле жөө күлүк Дарья Маслова марафон боюнча Олимпиадага жолдомого ээ болгон. Жалпысынан Чыңгыз Айтматов атындагы… Кененирээк…

Кыргызстандык эки бокс чебери эл аралык мелдеште жарым финалга чыгышты

Кыргызстандык эки бокс чебери эл аралык мелдеште жарым финалга чыгышты. Азат Үсөналиев 52 киллограмм салмак категориясында, ал эми Эркин Адырбек уулу 81 киллограмм салмак ченинде жеңишке жетти. “Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн дүйнө кубогу» турнири Россиянын Белоярск шаарында өтүүдө. Кошумчаласак, кечээ мелдештин чейрек финалы болуп, кыз жана… Кененирээк…

Криштиану Роналду селфи жасайм деген фанатына жини келгенин жашырган жок

Криштиану Роналду селфи жасайм деген фанатына жини келгенин жашырган жок. Бул жагдайды көрсөткөн видео Instagram баракчасына жарыяланды. Окуя «Ювентус» менен «Байер» командасы беттешип жаткан учурда болду. Видеодо күйөрман талаага чуркап чыгып, Роналдунун мойнунан бекем кучактап, селфи кылууга аракеттенген. Жини келген футболчу анын колунан кутулуп чыгып,… Кененирээк…

Чемпиондор лигасынын 6-турунда «Бавария» «Тоттенхэмди» 3:1 эсебинде утуп алды

Чемпиондор лигасынын 6-турунда «Бавария» «Тоттенхэмди» 3:1 эсебинде утуп алды. Эки команданын оюну Мюнхендеги «Альянц Арена» стадионунда өттү. «Бавариянын» эсебиндеги голдорду Кингсли Коман, Томас Мюллер жана Филиппе Коутиньо киргизди. Ал эми «Тоттенхэмден» жалгыз голду жарым коргоочусу Райан Сессеньон киргизди. В тайпасында ойногон бул эки клуб –… Кененирээк…

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы “Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн дүйнө кубогу» аталышындагы мелдешке катышат

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы “Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн дүйнө кубогу» аталышындагы мелдешке катышат. Бул максатта Спорттун олимпиадалык түрү дирекциясынын бюджетинен 300 миң сом бөлүндү. Эл аралык мелдеш 11-декабрдан 14-декабрга чейин Россиянын Белоярск шаарында өтөт. Ал эми жыл сайын өтүүчү мелдешке 10дон ашык өлкөнүн спортчулары катышат.

Франциялык «ПСЖ» клубу келерки жайда чабуулчу Неймарды 180 миллион еврого сатууга даяр

Франциялык «ПСЖ» клубу келерки жайда чабуулчу Неймарды 180 миллион еврого сатууга даяр. Буга чейин бразилиялык спортчуну алуу боюнча «Барселонадан» франциялык клубга сунуш түшкөн. Бирок, «ПСЖ» ал сунушка макул болгон эмес. Эми «ПСЖ» Неймарды мурункудай 300 миллион эмес, 180 миллион еврого сата турганын айтууда. Белгилей кетсек,… Кененирээк…

Лионель Месси “Интерге” каршы беттешке чыкпайт

Лионель Месси “Интерге” каршы беттешке чыкпайт. Бул маалыматты “Барселона» оюнга катыша турган футболчулардын тизмесин twitter баракчасына жарыялады. Клуб өзүнүн жарыялаган билдирүүсүнө ылайык, испаниялык клубдун коргоочусу Жерар Пике дагы италиялык команда менен болгон оюнга чыкпайт. Белгилей кетсек, Чемпиондор лигасынын 6-турунда эки команданын оюну эртең Бишкек убактысы… Кененирээк…

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Ачылыш аземи кечээ, Кара-Бүргөн айылында райондун акими Сейтек Кулубаев жана башкаруу органдарыынын катышуусунда өттү. Ал эми курулуш иштерине айыл өкмөт тарабынан жалпы 2 миллион 600 миң сом сарпталды. Анын 10 пайызы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты.

Россияда төрт жыл бою эл аралык турнирлерди өткөрүүгө тыюу салынат

Россияда төрт жыл бою эл аралык турнирлерди өткөрүүгө тыюу салынат. допингге каршы Россиялык РУСАДА агенттигинин ишмердүүлүгүн тиешелүү кодекске ылайык келбейт деп допингге каршы дүйнөлүк WADA агенттигинин аткаруу комитети тапты. Ага ылайык, россиялык спортчуларды мелдештерден төрт жылга четтетти. Курама команда өлкөнүн желегин көтөрүп чыга албайт. Ошондой… Кененирээк…

2020-жылкы Олимпиадада алдыңкы орун алган спортчуларга акчалай сыйлык ыйгарылат

2020-жылкы Олимпиадада алдыңкы орун алган спортчуларга акчалай сыйлык ыйгарылат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. Ага караганда, сыйлыктын суммасы 10 миллион сомго чейин жетиши болжолдонууда. Олимпиадага Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 жолдомо алууну пландап жатат. Учурда биздин өлкөдөн балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов, жеңил атлет… Кененирээк…