Бишкек мэриясы бир рельстүү транспорт кое берүүнү пландап жатат. Кеп, эстакада аркылуу рельс менен жүрүп, эл ташуучу транспорт тууралуу болууда. Долбоордун негизги максаты — жол кыймылы коопсуздугун күчөтүү жана коомдук транспорттун ишинин сапатын жакшыртуу.
Рельстердин узундугу 37 чакырымды түзүп, анда 31 станция болот.
Эки линияда 150-180 кишини батырган вагондор каттайт. Ал Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын бойлой курулат. Долбоор качан ишке кирет, азырынча белгисиз.