Чүй облусунда катуу шамалга байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Чүй облусунда катуу шамалга байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды.

 

Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жарандык коргонуу комиссиясынын эсептөөлөрүнө ылайык, шамалдан кийинки материалдык зыян 23 миллион 567 миң сомду түздү.

 

Эске салсак, 28-мартта болгон катуу шамалда 183 объект жабыркады, анын ичинде 87 турак-жай, 2 оорукана, 39 мектеп, 16 бала бакча жана башка объектилер бар.