Кыргызстанда дарылардын жетишсиздиги боюнча маселе жакынкы күндөрү чечилет. Буга убадасын премьер-министр Кубатбек Боронов берүүдө. Ал билдиргендей, жакынкы арада өлкөгө препараттардын бир нече миң кутусу жеткирилиши күтүлүүдө.
Анын ичинде учурда суроо-талапка ээ болгон дарылар дагы бар.
Өкмөт башчы белгилегендей, препараттардын жетишсиздиги айрымдар аларды чоң көлөмдө запастап алганынан улам келип чыкты. Андыктан, жарандарга дарыларды запастап эртелеп алып алуу сунушталбайт.