Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалап келген Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайланганы кабарланган.

Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештин депутаты болгон, кийин Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматын аркалаган.