“Электрондук күндөлүк” системасы мугалимдердин ишин дагы жеңилдетет

“Электрондук күндөлүк” системасы мугалимдердин ишин дагы жеңилдетет. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.

“Мугалимдердин оор жүгүн азайтуу. Баягы отчеттор, кагазды көп жазуу, толтуруу, анын бардыгын программа эмес, мугалим өзү саначу да мисалы. Ошонун бардыгын автоматташтырып жатабыз. Көп кагазды жазып отургандан көрө, мугалимдин ордуна эми ошол программа бардыгын санап коет. Бүт баарын отчетко дагы чыгарып коет. Кээ бир корутундуларды гана мугалимдер өздөрү жазат”

Белгилеп кетсек, учурда “Электрондук күндөлүк” системасы өлкөнүн басымдуу мектептеринде колдонулуп жатат.