Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын борбордук көчөсүн оңдоо иштери аяктап калды.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, жолдун узундугу 1 чакырымга жетет.
Жалпы сметалык баасы 5 миллион 200 миң сомду түзөт. Жумуштарга 12 кызматкер жана
7 техника тартылган. Оңдоо иштери 21-августта башталган. Иштер жакынкы арада аягына чыгып калат.