Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлү кармалды.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей,
финполицияга милиция кызматкери 3 миң доллар талап кылганы боюнча арыз түшкөн.
Кызматкер 100 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Кармалган адам
Бишкектеги ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу
кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.