Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 2,5 миллиондон ашты.
Республикалык штабдын маалыматына караганда, 1 миллион 377 миң адам биринчи
доза менен эмделсе, 1 миллион 125 миңи экинчи дозаны алды. Андан тышкары,
бустердик же үчүнчү дозаны сайдырган жарандардын саны 90 миңге жакын.
Белгилеп кетсек, вакцинанын үчүнчү дозасы эмдөөнүн алгачкы курсунан
толук өткөндөн кийин 4 айдан соң алса болот.