Бишкектеги Жер-Ынтымагы конушунун тургундарына жер тилкелеринин документтери тапшырылат

9-декабрда Жер-Ынтымагы жаңы конушунун тургундарына техникалык паспорттор ташырылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, техникалык паспортторду калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзү тапшырат.

Эске салсак, буга чейин, 18-ноябрда президент Садыр Жапаров президенттик администрациянын имаратынын алдына чогулган Жер-Ынтымагы конушунун тургундары менен жолуккан.

 

Анда тургундар турак жай аянты санитардык коргоо зонасынын аймагында жайгашкандыгына байланыштуу 15 жылдан бери жер тилкелерине менчик укугуна мамлекеттик актыларды («Кызыл китептер») ала албай жүргөндүгүн айтышкан. Ушуга байланыштуу алар мамлекеттик кызматтарды алууда каттоонун жоктугунан улам кыйынчылыктарга дуушар болуп келишкен.