Быйыл берилүүчү битир-садага 35 сомдон  башталат

Быйыл берилүүчү битир-садага 35 сомдон  башталат. Муфтияттын маалыматына ылайык, Орозо айында берилүүчү битир бир адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот.

 

Ошондо базар баасы менен алганда ар бир адамга 35 сомдон эсептелди. Андан тышкары, битирди ушундай эле салмактагы ун, мейиз, курма же анын акчалай наркы менен берсе болот. Эске салсак, былтыр  садага 30 сом деп орнотулуп, жалпысынан 30 миллион сомдон ашык чогулган.