Бишкектин автобус айдоочуларына айлыктар бүгүн берилет

Бишкектин автобус айдоочуларына айлыктар бүгүн берилет. Буга ордо калаа мэриясынан ишендиришүүдө.

 

Андан белгилешкендей, автобаза жана троллейбустук башкармалыгы иштебей турганы менен, автобус айдоочулары дарыгерлерди, эпидемиологдорду, милиционерлерди жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин ташып жатат.

 

Алардын бир айлык маянасын төлөө үчүн шаар бюджетинен 12 миллион сом бөлүндү.