Бишкек мэриясы 9-май Жеңиш күнүнө карата иш-чаралар планын бекитти

Бишкек мэриясы 9-май Жеңиш күнүнө карата иш-чаралар планын бекитти.

 

Саат 10до Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүлчамбар коюу менен эскерүү митинги өтөт. “Аскер тамагын” берүү акциясы жана майрамдык концерт уюштурулат.

 

Андан тышкары, Дайыр Асанов, Чолпонбай Түлөбердиев жана Панфилов атындагы парктарда дагы концерттик программа тартууланат. Мэриядан белгилешкендей, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 9 ардагери жашайт.