Садыр Жапаров “Республикалык бюджеттин чыгымдарын оптимизациялоо чаралары жөнүндө” мыйзамына кол койду. Документтин алкагында Жогорку Кеңеш депутаттарынын айлыгын кыскартуу дагы каралган.
Андан тышкары, мурда турак-жай жана кызматтык унааларга компенсация төлөнүп келсе, эми бул берене жоюлду. Ал эми кызматтык батирлер үйү жок депутаттарга гана берилет.