Чек ара: Ак-Сайда жаңы турак жайлардын курулушу башталды

Баткен облусунда талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңы турак-жайлар курула баштады.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев “Азаттыкка” билдиргендей, учурда Достук жана Капчыгай айылдарында иштер жүрүп жатат.

Бул конуштарда имараттардын көбү жараксыз болуп, инфраструктура да талкаланган.

Ар бир үйдүн курулушуна 3 миллион 300 миң сом бөлүнгөн.

Курулушка эки ай мөөнөт берилген.