Ордо калаада бир нече эс алуу аймактарынын курулушу уланууда

Ордо калаада бир нече эс алуу аймактарынын курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, биринчилерден болуп Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парк ачылат.

 

Аны көрктөндүрүү иштери дээрлик соңуна чыгып калды. Андан тышкары, курулуш иштери Ден-соолук багында жана Манас-Боталиев кесилишиндеги эс алуу аймагында жүрүп жатат. Учурда аларда ирригациялык, электр тармактары өткөрүлүп, таман таштар төшөлүүдө.