Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык чет элдик паспортторду киргизүүнү улантууда

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык чет элдик паспортторду киргизүүнү улантууда. Ведомство маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата документтин дизайны иштелип чыкты, эми бланктарды чыгарууга кезек келди.

 

Ошондой эле, техникалык жабдууларды жана программалык камсыздоону ишке киргизүү боюнча иштер аткарылып жатат. Жаңы үлгүдөгү документ 30дан ашык коргоочу элементке ээ болуп, электрондук чип менен камсыздалат.