Салык кызматы сентябрдан тарта рейддерди өткөрө баштайт

Мамлекеттик салык кызматы сентябрдан тарта автоунаа, турак жай, батир жана үлүш жерлерге салык төлөөдөн качкандарды аныктоо боюнча рейддерди өткөрө баштайт.

 

Мекеме белгилегендей, кечиккендер айып пул жана ар бир күн үчүн туум төлөйт. Административдик айыптын өлчөмү жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сомду түзөт.

 

Эске салсак, салыктарды төлөөнүн акыркы мөөнөтү 1-сентябрь.