Кыргызстандыктар насыяны кандай максатта алышат?

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында 350 миңге жакын адам микрокредиттик уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17%га көп. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, мында 24 млрд сомго жакын суммада же 35,5%га көп микрокредиттер берилди.

 

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу бөлүгү Ош шаарына — алуучулардын жалпы санынын 21%га жакын жана Жалал-Абад облусуна — 17%дан ашык, ошондой эле Бишкек шаарына- 16%га жакыны туура келди.

 

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаарындагы (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%дан ашык), Ош (17%), Чүй жана Жалал-Абад облустарынын (15,8%дан) алуучуларына берилди.

 

Жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн дээрлик 46%ы керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди, 25%дан ашыгы айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%га жакыны соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5%дан ашыгы курулушка багытталды.