Чек арадагы соңку жагдайга байланыштуу медиа штаб түзүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу маалыматтарды өз убагында, чукул таратып туруу «Кабар» маалымат агенттигинде атайын медиа штаб түзүлдү.

Аталган агенттиктен кабарлашкандай, штаб күнү-түнү иштейт жана тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрү болот. Ошондой эле маал-маалы менен басма жыйындар, окуя болгон жерден түз алып көрсөтүүлөр уюштурулуп турат.

«Учурда медиа штабдын иши үчүн бардык шарттар түзүлүп, мамлекеттик мекеме-органдардын басма сөз катчылары, журналисттер, активисттер, эсперттер жана блогерлер чогулду»,-деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мунун алдында чек арадагы чырга байланыштуу такталбаган, чагымчыл мүнөздөгү материалдарды таратпоого чакырган.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп айыптаган. Анда «Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын» белгилеген.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда саат 13.00гө карата жалпысынан бери дегенде 31 адам жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын саламаттыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Буга чейин УКМКны төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатканы кабарланган жана анын жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Тажикстандагы «Ховар» маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып «Дүйшөмбү» чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.