Кассалык-көзөмөлдөөчү аппараттарды колдонуу Кыргызстан боюнча жокко чыгарылган эмес. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик салык кызматынын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, буга чейин аппараттарды колдонуп келген субъектилер, мындан кийин дагы колдонушу керек. Ал эми 10 күнгө кассалык-көзөмөлдөөчү аппараттарды ишке киргизүү кичи бизнес тармагында гана токтотулду.
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жеке ишкерлер кассалык-көзөмөлдөөчү аппараттарды киргизүү шарттарын биргеликте иштеп чыгат, андан кийин аларды киргизүү иштери улантылат.