Кыргызстанда эттин баасы кымбаттоосун улантууда

Кыргызстанда эттин баасы кымбаттоосун улантууда. Алсак, Токмок жана Кара-Балта шаарларында эттин наркы 30 сомго чейин көтөрүлдү. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, баалардын секириги өткөн жумада катталды.

 

Учурда токмоктуктар уй этинин бир килограммын 440 сомдон сатып алса, Кара-Балтада ал 520 сомду түзөт. Бул учурга карата эң кымбат баа.

 

Ал эми башка аймактарда эттин наркы өзгөргөн жок. Бишкекте эт 460 сомдон сатылууда. Белгилеп кетсек, аталган азык бир жылда жалпысынан 125 пайызга кымбаттады.