Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театры үч жылдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театры үч жылдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, салтанатта белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун ачуу аземи да болду.

Ал имараттын фойесинде орнотулду.

Белгилеп кетсек, театр мындан 95 жыл мурда негизделип, азыркы имарат 1972-жылы пайдаланууга берилген. Маданий жайда учурда 200гө чукул кызматкер эмгектенет.