Жаңы жылдык эс алуулардан кийин министрлер кабинети жана президент администрациясы электрондук форматта иштөөгө өтөт

Жаңы жылдык эс алуулардан кийин министрлер кабинети жана президент

администрациясы электрондук форматта иштөөгө өтөт. Өлкө башчы

Садыр Жапаров билдиргендей, 11-январдан тартып кагаз түрүндөгү

документтер кабыл алынбайт, бул убакка чейин чиновиниктер жана

кызматкерлер жаңы тартипке көнүшү шарт. Жаңы форматка толук

өтүүгө алты ай убакыт берилет. Ага чейин документтер бир эле убакта

кагаз жана электрондук түрдө кабыл алынат. 1-июндан баштап кагаз

сатып алынбайт, быйыл 10 айда эле 840 миң куту кагаз алынды.

Бул 33 вагон макулатураны түзөт, — деп кошумчалады Жапаров.