Аргентинада Диего Марадонанын дүйнөдөгү эң чоң портрети пайда болду

Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте легендарлуу футболчу Диего Марадонанын дүйнөдөгү эң чоң портрети пайда болду.

Художник-монументалист Мартин Рондун эмгеги 14 кабаттуу имаратты кооздоп турат.

1 миң 600 чарчы метрлик сүрөт 1990-жылы Аргентина менен Германиянын ортосундагы Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде тартылган.

Картинага сүрөтчү жана анын жети жардамчысы 800 литр боёк сарптап 25 күнгө жакын эмгектенишкен.

Бийиктиги 45 метрге жакын Диего Марадонанын портретин Нью-Йорктогу Эркиндик статуясынын бийиктиги менен салыштырууга болот.