Дүйнөдө жашоого эң ыңгайлуу шаарлар аталды

Дүйнөдө жашоого эң ыңгайлуу шаарлар аталды. Англиялык экономикалык басылманын рейтингине ылайык, биринчи орунда Австриянын борбору Вена жайгашат. Ал коопсуздугу, инфраструктурасы, саламаттыкты сактоо тармагы жана маданияты менен алдыга чыкты.

 

Тизмеде Франкфрут, Париж, Лондон, Милан бар. Ал эми жашоого ыңгайсыз шаарлардын тизмесине Сириядагы Дамаск, Нигериядагы Лагос, Ливиядагы Триполи, Алжир жана Пакистандагы Карачи калаалары кирди.