Дүйнөдө жылдын эң кирешелүү актрисалары аныкталды.
Forbes басылмасынын рейтингине караганда, 1-сапта “Америкалык үй-бүлө”
комедиялык сериалындагы жылдыз София Вергара 43 миллион доллар менен жайгашат,
кийинкиде 35,5 миллион доллар кирешеси менен Анджелина Джоли турат.
Ал эми рейтингдин 3-сабына 31,5 миллион доллар менен “Кызыл билдирүү”
тасмасынын аткаруучусу Галь Гадот илинди. Белгилеп кетсек, быйыл пандемияга
байланыштуу кинотеарлардын көбү жабык турду жана бир катар
дүйнөлүк тасмалардын премьералары кийинкиге жылдырылды.