Доллар кайрадан кымбаттоо багытында

Доллар кайрадан кымбаттоо багытында. Бишкекте анын куну 79 сомго чыкты. Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 78 сом 80 тыйынга сатып алып, кайра 79 сомдон сатышууда. Улуттук банк валюта серпилүүсүнө кийлигише элек.

 

Эске салсак, туруктуу 69 көрсөткүчүндө сакталып келген доллар мартта дароо 85 сомго жеткен. Эки айда аба турукташып, америкалык валюта кайра 74 сомго түшкөн. Бирок өтүп кеткен эс алуу күндөрүнөн тарта ал кайра кымбаттап баштады.