Кыргызстанда керектүү товарлардын жана кызматтардын кымбатташы сакталууда.
Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Андан белгилешкендей, барынан тез жана
маанилүү көрсөткүчтө өсүмдүк майынын, кумшекердин жана эттин, ошондой эле
күйүүчү-майлоочу материалдын наркы жогорулап жатат. Майдын аягына карата
инфляция дээрлик 11 пайызды түздү. Адистердин айтымында, мунун негизги себеби
Евразия экономикалык союзунун рыногундагы баалардын көтөрүлүшү.