Бир жылда эт жана жумуртка 3/1 эсеге кымбаттады

Бир жылда эт жана жумуртка 3/1 эсеге кымбаттады.

Өлкөдө 15-майга карата кой этинин бир килограммы орточо эсеп менен 460 сомду түздү,

бул былтыркы жылдын май айына салыштырмалуу дээрлик 33 пайызга же 113 сомго

жогору, — дешти монополдукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигинен.

Ал эми уй этинин баасы 444 сомго жетти, бул былтыркыга караганда 95 сомго

кымбат дегенди түшүндүрөт. Ал эми бүгүнкү күндө 10 тоок жумурткасынын

орточо баасы 98 сом. Ал былтыр 74 сомго барабар болчу.