Эртең өлкө мектептеринде акыркы коңгуроо кагылат. Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерди балдарына машине бербөөгө чакырат.
Инспекторлор белгилешкендей, 25-майда бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда көп авария катталып келет. Буга айрым окуучулар мас абалында рулга отурганы себеп. Ведомство эскертет – мас абалында унаа башкаруу үчүн айдоочу күбөлүгү бир жылга тартып алынат.
Эгер анын күбөлүгү жок болсо, анда 15 миң сомдук айып каралат. Ал эми машине айып токтотмого жеткирилет.