Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кытайлык “Sinopharm” препаратын каттады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы вакцина катары кытайлык “Sinopharm” препаратын каттоого алды.

Бул Бириккен Улуттар Уюму кабыл алган Европада өндүрүлбөгөн алгачкы вакцина болуп калды.

Кытайдын мамлекеттик «SinoPharm» корпорациясы жасаган вакцина ДССУ коронавируска каршы деп жактырган башка препараттардан айырмаланат.

Ал дарылардын классикалык схемасы болгон “инактивдешкен вакцина” же “өлгөн вирусту” организмге киргизүү менен иммундук системаны пайда кылат.

Вакцина өндүрүүчүлөрүлөрү “Sinopharm” вакцинасынын натыйжалуулугу 79% деп билдирүүдө.

Бирок, батыш өлкөлөрүнүн илимий коомчулугуна дарыны сыноо ачыктыгы суроо жаратууда.

Буга чейин ДССУ Евробиримдиктин аймагында «AstraZeneca», «Pfizer/BioNTech», «Moderna» жана

«Johnson & Johnson» компанияларынын вакциналарын каттоодон өткөргөн.

Орусиянын «Спутник V» препараты март айынан бери Европанын дары-дармектер агенттигинин бүтүмүн күтүп турат.

Ошондой эле орусиялык бул вакцина ДССУ сунуштаган препараттардын тизмесинде жок.

Кыргызстанда Кытайдын «Sinopharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.

Расмий эсепте 40 миңдей киши вакцина алды. Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет.

Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөт эл аралык COVAX программасынын

алкагында британ-швециялык «AstraZeneca» вакцинасы да келерин билдирген.