Кыргызстанда билимди электрондук баалоо системасын киргизүү пландалууда

Кыргызстанда билимди электрондук баалоо системасын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу novosti.kgге  Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун алкагында окуучуларга атайын программа орнотулган кулакчындар менен планшеттер таратылат.

 

Ал бала текстти окуп жатканда кандай катачылыгы бар экенин автоматтык түрдө аныктайт. Бул мугалимдерге ар бир окуучу менен жакшылап иштешүүгө шарт түзүп берет.

 

Система жумушчу долбоор менен сыноодон өттү. Долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын 4-класснынын 3 миңден ашуун окуучусун камтыды.