11-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ноокат, Кара-Суу райондору, Ош шаарынын, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат учурунда ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 85 жаран жеткирилип, 10 унаа атайын жайларга токтотулду.
Бишкек шаары — 57;
Ош шаары — 7;
Жалал-Абад шаары — 14;
Сузак району — 4;
Кара Суу району — 3;
Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2 миң 327 жаран коменданттык саатты бузгандыгы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалган.