“Дюна. Экинчи бөлүм” тасмасы 3 сааттан ашык көрсөтүлөт.
Бул соңку монтаж иштеринен кийин белгилүү болду. Сиквелди редакциялоо жыйынтыкталды, анын расмий баракчасында тасма 3 саат 15 мүнөткө созулары жазылган.
Бирок финалдык версиясы 15-20 мүнөткө кыскартылышы дагы мүмкүн. Эске салсак, экинчи “Дюнанын” премьерасы кийинки жылдын мартында болот. Анда Тимоти Шаламе, Зендая жана Голливуддун башка актерлору тартылды.