Индонезияда аял үйүндө 250 мышык багып келет

Индонезияда аял үйүндө 250 мышык багып келет. Ал үй-жайсыз жана кароосуз калган мышыктарды өз камкордугуна алат. Дита Агуста күйөөсү менен бул максатта атайын  чоң үй куруп алышкан.

 

Анда үй жаныбарлары үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бүгүнкү күндө мышыктар жергиликтүү тургундардын жана жаныбарларды коргоо уюмунун эсебинен багылып жатат. Күнүгө мышыктардын азыгына 100 доллар кетет.