Эркектер да төрөттөн кийинки депрессияга дуушар болот

Эркектер да төрөттөн кийинки депрессияга дуушар болот. Британиялык окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, ата статусуна ээ болгон эркектердин  3,6 пайызы төрөттөн кийинки депрессияга кабылат.

 

Маалым болгондой, мындай көрүнүшкө көбүнчө өтө жоопкерчиликтүү эркектер туш болот. Бирок алар аялдардай болуп гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болбогону менен социалдык өзгөрүү, экономикалык жоопкерчилик же аялынын төрөттөн кийинки абалы ушуга алып келери белгилүү болду.