Доллар кайрадан кымбаттады

Доллар кайрадан кымбаттады. Улуттук банк себебин түшүндүрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, Кыргызстанда акча калкыма режиминде болгондуктан курстун өзгөрүүсү кадыресе эле көрүнүш.

 

Учурда коронавирустун жаңы штаммынын пайда болушунан улам доллар дүйнө жүзүндө, Кыргызстан менен өнөктөш мамлекеттерде дагы кунун бекемдеп жатат.

 

Белгилеп кетсек, кечээ ордо калаанын акча алмаштыруу жайларында эртең менен эле 80 сом 90 тыйындан сатылып жаткан америкалык валютанын куну кечке маал 83 сомго чукулдады.