Кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине 27 жыл болду

Кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине 27 жыл болду. Улуттук валюта Кыргызстан СССРдин курамынан бөлүнгөндөн эки жыл өткөн соң, 1993-жылы 10-майда колдонула баштаган.

Алгачкы банкноттор 1993-жылы 1, 5, 20 сом жана 1, 10, 50 тыйындык кагаз акча түрүндө чыккан.

Алар акырындык менен жүгүртүүдөн алынып, 1994-1995-жылдары 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 сомдук жаңы банкноттор менен алмашкан.

1997-жылы алардын коргоо элементтери жакшыртылган, дизайны өзгөргөн. 2000-жылы 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттор чыккан.

2008-жылы 1, 3, 5 жана 10 сомдук металл акчалар жүгүртүүгө киргизилген.

2009-жылы 5000 сомдук, 2017-жылы 2000 сомдук банкнот чыгарылган.

Кыргыз валютасы алгач жүгүртүүгө чыккан учурда 1 АКШ доллары — 4 сомго барабар болгон. Арадан 27 жыл өтүп, 1 АКШ долларынын баасы дээрлик 80 сомго тең болуп калды.